Школа данных

Жашыл экономика боюнча тренинг «Зеленка»

Зеленка –  жашыл экономика тууралуу журналисттерге арналган окутуубуз ушинтип аталган.

Окуу 2018-жылдын жайында Бишкекте жана шаар сыртында өттү. Ага Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддан журналисттер катышты. Зеленка эки этапта өткөн: биринчисинде катышуучулар маалыматты издеп, анализдегенди, гипотеза түзгөндү үйрөнүштү, экинчисинде ошол дата маалыматты чечмелегенди жана инфографика жасаганды өздөштүрүштү.

Энергоэффективдүүлүк, үнөмдөөчү технологиялар жана таштандыларды башкаруу тууралуу дата маалыматтар менен иштедик. Бардык маалыматты биз базага чогулттук, ал жалпы маалымат базасы аркылуу эми сизге да жеткиликтүү. Темалар жөнөкөй эмес, бирок биздин катышуучулар жашыл экономика – чындап келгенде ар бирибиз туууралуу экенин, келечек муун үчүн жаратылышты коргоп, акча жана ресурстарды үнөмдөө аркылуу башкача жашап баштоого боло турганын далилдешти.

Кыргызстандагы жайыттардын оор абалы, токойлордун кыйылышы жана өзүбүз кантип эко-френдли боло аларыбыз тууралуу абдан маанилүү окуялар жазылды. Шилтеме аркылуу жарыяланган макалаларды таба аласыз:

Түгөнбөс кенч болбойт: Кыргызстан ар 10 жылда жайыттардын ондон бир бөлүгүн жоготууда, Ынтымак
Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?, Kogart
Энергоэффективдүү кир жуучу машинаны кантип тандайбыз? Эксперттердин кеңештери, Kaktus
Экология же эт? Кыргызстандыктар оор тандоого бет келеби?  Economist
Кайсынысы пайдалууларак: дары-дармекке акча коротуубу же Бишкектин экологиясын өзгөртүүбу  Economist
Тойкоду кыябыз.  Кыргызстанда жаш токойдун ар бир гектарына кыйылган 31 гектар токой туура келет, Еconomist

Тренигди UNDP, GIZ  жана PAGE долбоорунан башка уюмдар менен өнөктөштүктө өткөрдүк.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *