Жанылыктар

DataCamp жаштар лагери

DataCamp –  дата дүйнөсүнө эми арлашкандар үчүн жаштар лагери. Лагерь 2018-жылдын августунда Ысык-Көлдө өттү. Ага Кыргызстан менен Казакстандан журналситтер, программисттер жана дизайнерлер катышты. Катышуучулар бир аптада окуя жаратуу үчүн гипотезаны иштеп чыкканды, вебсайттардан маалымат чогултууну, аларды тазалоону жана анализдөөнү, тренддерди жана көз карандылыкты тапканды үйрөнүштү. Ошондой маалыматты эле жөн эле кооз кылып эмес, маани-маңыздуу визуалдаштырууну…

Жашыл экономика боюнча тренинг «Зеленка»

Зеленка –  жашыл экономика тууралуу журналисттерге арналган окутуубуз ушинтип аталган. Окуу 2018-жылдын жайында Бишкекте жана шаар сыртында өттү. Ага Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддан журналисттер катышты. Зеленка эки этапта өткөн: биринчисинде катышуучулар маалыматты издеп, анализдегенди, гипотеза түзгөндү үйрөнүштү, экинчисинде ошол дата маалыматты чечмелегенди жана инфографика жасаганды өздөштүрүштү. Энергоэффективдүүлүк, үнөмдөөчү технологиялар жана таштандыларды башкаруу тууралуу дата маалыматтар…

Хакатон #HackPoverty

10 команда, 50 катышуучу, 48 саат, 14 ментор = дата журналистика боюнча хакатон #HackPoverty/”Жакырчылыкты сындыр”. Дем алыш күндөрү биздин катышуучулар Улуттук статистикалык комитеттин, Дүйнөлүк банктын, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жана БУУнун азык-түлүк программасынын  Кыргызстандагы жакырчылыктын ар кайсы өңүтү – таза суунун, түшүмдүн жеткиликтүүлүгүнөн тарта мигранттардын жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укугуна чейин абдан…

Internews cтипендиясы

“Интерньюстун” дата журналистика боюнча стипендиясы – бир жыл ичинде дата менен иштөө боюнча бардык негизги шыктарды үйрөнүү, сапаттуу дата-окуяларды ММКда жарыялоо жана дата-журналистика боюнча устат болууга түрткү болгон уникалдуу мүмкүнчүлүк. Стипендияга биринчи кабыл алуу 2018-жылдын январында болду. Бул аралыкта катышуучулар миграция, эмдөө, жөлөк пул,, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын көйгөйлөрү жаатындагы дата маалыматтарга негизделген  кызыктуу жана маанилүү…