Школа данных

Internews cтипендиясы

“Интерньюстун” дата журналистика боюнча стипендиясы – бир жыл ичинде дата менен иштөө боюнча бардык негизги шыктарды үйрөнүү, сапаттуу дата-окуяларды ММКда жарыялоо жана дата-журналистика боюнча устат болууга түрткү болгон уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Стипендияга биринчи кабыл алуу 2018-жылдын январында болду. Бул аралыкта катышуучулар миграция, эмдөө, жөлөк пул,, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын көйгөйлөрү жаатындагы дата маалыматтарга негизделген  кызыктуу жана маанилүү мультимедиалык материалдарды жарыялап эле тим болбой, башкаларды да журналистиканын бул багытына үйрөтүүгө жетишти.

Дата-стипендианттар –  Ныяз Ташматов, Мырзайым Жаныбек кызы, Азамат Касыбеков жана Савия Хасанова  Баткенде өткөн дата-журналистика боюнча аймактык тренингде устаттардын жардамчысы болушту. Эки дата-стипендиант  Савия Хасанова менен Мырзайым Жаныбек “Дата мектептин” жашыл экономика боюнча “Зеленка” деп аталган тренингинде сабак өтүп, командалардын ментору болушту. Савия Хасанова Монголияда өткөн дата-журналистика боюнча усттатар үчүн тренингде сотренер болду. Дагы бир катышуучу Анна Капушенко DataCamp – 2018 жаштардын жайкы лагериндеги топтун башчысы болду.

Программанын катышуучулары жарыялаган айрым материалдар төмөндө:

Оштун орус мектертери: бир класста 60 окуучу болсо, бала кандай билим алат?, Ынтымак
Суу жок болсо – өлүм, Kaktakto
Багуудагы өлкө. Кыргызстан мигранттардын акчасына жашайт, бирок каражатты  сарпташты билбейт , Kloop

Программанын башкы устаты жана ментору – Анастасия Валеева, “Дата мектеби”. “Интерньюстун” дата-журналистика боюнча программасы  “Медиа- К” долбоорунун алкагында Бүткүл Дүйнөлүк банктын, , USAID жан IDEM Institute колдоосунда ишке ашууда. Программанын 2018-жылдагы өнөктөштөрү – «Кактус медиа», «Клооп» жана «Ынтымак медиа» редакциялары.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *