Куралдар

Google`дун кеңейтилген издөө функциясы

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: маалыматтарды издөө

Гуглдун жөнөкөй издөөсүнө жазылган бир нече ачкыч сөз сизге интернетте жеткиликтүү болгон көптөгөн маалыматтарды берет. Ал эми кеңейтилген издөөдө файлдын форматын жана жарыяланган датасын жазып тапса болот. Мындан сырткары издөөнү керектүү гана сайттарга чейин кыскартып берүү мүмкүнчүлүгү бар (мисалы, Улуттук статистикалык комитет же Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтар базасы).

Веб-сервис акысыз.

Zamzar

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: дата маалыматтарды издөө

Файлдарды скрейпинг (маалыматты чыгарып алуучу) кылуучу базалык сайт. Бул сервис сиздерге таблица түрүндөгү PDF файлдарды ворд файлга айландырып берет. Zamzarдын фунциясы муну менен чектелбейт: сайттын түзүүчүлөрү 1200дөн ашык ар түрдүү форматтагы документтерди өзгөртө алат деп ишендиришет.

Веб-сервис акысыз.

Tabula

Татаалдыгы: орто

Колдонуу максаты: дата маалыматтарды издөө 

Zamzar`га салыштымалуу бир кыйла мыкты жана күчтүү. Файлдарды скрейпинг (маалыматты чыгарып алчу) кылуучу тиркеме. Өзгөчө PDF форматындагы докладдар менен иштөөгө ыңгайлуу. Ийкемдүү интерфейс – документтеги бетти жана керектүү жерде тандап алып, таблица форматына өзгөртүп берет.

Веб-сервис акысыз.

Google Sheets

Татаалдыгы: орто

Колдонуу максаты: анализ, тазалоо, дата маалыматтарды издөө, визуализация 

Экселге акысыз жана күчтүү альтернатива. Айрым факторлору боюнча экселге уттурганы менен каллоборацияда алмашкыс. Microsoft Office формулаларды тандоо жана визуализацияда артыкчылыкка ээ, бирок Google Sheets документте бир мезгилде бир нече адам иштөөгө жана мааалыматтарды интернеттеги эсте сактоого болот. (Белгилей кетсек, Excel’де да жакында онлайн коллаборация иштей баштады:  Google Excel Online).

Веб-сервис акысыз.

Microsoft Office Excel

Татаалдыгы: орто

Колдонуу максаты: анализ, тазалоо, дата маалыматтарды издөө, визуализация

Жаңыдан кадам таштаган дата-журналист үчүн эң керектүү инструмент. Сиз аны дата маалыматтарды тазалоо, анализ кылуу жана визуалдаштыруу үчүн колдонсоңуз болот. Мындан сырткары Excel жогорку деңгээлдеги көп функцияларга ээ: мисалы, сызыктуу регрессия жана аннотацияланган диаграмма. Анын интерфейси маалыматтарды анализдөөгө өзгөчө ыңгайлуу кылып берет.

Программа акылуу, акысыз альтернативалары: Google SpreadsheetsOpenOffice.

 

Google Dataset Search

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: маалыматтарды издөө

Издөө сервиси бир гана маалыматтар базасы менен иштейт. Теорияда мындай издөөнү гуглдун кадимки издөөсү менен ачкыч сөздөргө “site:” жана “filetype:” кошуп аткарса болот, бирок Dataset Search дароо маалыматтын мезгилдүүлүгүн, географиясын жана кыска түшүндүрмөсүн чыгарып берет. Сервис азырынча орус тилдүү базалар менен начар иштеп жатат, бирок Кыргызстан тууралуу англис тилдүү ресурстардан жакшы маалыматтарды берет.

Веб-сервис акысыз.

Pixelmap

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: визуалдаштыруу

Кол менен карта түзүүчү базалык инструмент. Анын жардамында дүйнөнүн жалпы картасы, мамлекеттин же (айрым учурларда) к шаарлардын картасы менен иштесе болот. Анда Кыргызстандын картасы облустарга бөлүнгөн.

Веб-сервис акысыз.

Draw.io

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: визуалдаштыруу

Схема жана диаграммаларды түзүүчү вебсайт болот. Анын жардамында таймлайн же блокторду түзсө болот. Сервис Google Drive менен байланыштырылган жана колдонууга ыңгайлуу.

Веб-сервис акысыз.

Datawrapper

Татаалдыгы: орто

Колдонуу максаты: визуалдаштыруу

Веб-тиркемелер менен жакшы иштегендер үчүн визуалдаштыруу инструменти. Эгер сиз Excel’де визуалдаштырууда кыйналбасаңыз, бул сервис менен көйгөй болбойт. Datawrapper менен бар чат, жайылган түрүндөгү диаграммаларды, сызыктарды түзүп, текст кошуп жана түстөрдү өзгөртсө болот. Анын башкы артыкчылыгы:  HTML жана CSS менен интеграция болгонунда. Интерактивдүү инфографиканы сайтка коюу үчүн болгону кодду көчүрүп алуу жетиштүү.

Веб-сервис акысыз.

Infogram

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: визуалдаштыруу

Маалыматтарды визуалдаштыруучу жөнөкөй инструмент. Веб-сайт менен интеграцияны колдойт. Графикаларды түзүү үчүн маалыматтарды камтыган файлдар керек эмес: сиз сандарды кол менен киргизсеңиз болот. Файлдарды тазалоо жана таблица түрүндөгү документтер менен иштөөнү начар өздөштүргөндөр үчүн ыңгайлуу. Графиканы компьютерге жүктөп же сайтка түз көчүрүп чыгарса болот.

Веб-сервис акысыз.

Tilda

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: визуалдаштыруу

Сайт жана хостинг түзүү сервиси. Кайсы бир сайтка чыгарбай, материалын өзүнчө жарыялайм дегендер же чоң мультимедиалык долбоорлорду даярдайм деген редакторлор үчүн туура келет.

Сервис .tilda.ws. субдоменге хостинг кылууда акысыз.

Canva

Татаалдыгы: жеңил

Колдонуу максаты: визуалдаштыруу

Оригиналдуу постер, логотип жана афишаларды түзүү үчүн колдонула турган вебсайт. Дата-журналистикалык материалдарды кооздоо үчүн керектүү. Жөнөкөй интерфейс жана символдор менен сүрөттөргө бай сервис таймлайн, блоктордон турган  графика түзүүгө мүмкүндү берет.

Веб-сервис акылуу.

Github

Татаалдыгы: орто

Колдонуу максаты: маалыматтарды издөө, тазалоо

Команда үчүн пайдалуу сервис. Бул Google Drive сыяктуу, бир гана код, анан чоң эмес маалыматтар үчүн: Github ашыкча аракетсиз сиздин папкаңыздагы файлдарды бардык өзгөрүүсүн синхрондоштуруп, команда мүчөлөрү менен бөлүшүүгө жардам берет.  Толук кандуу иштөө үчүн планшет десктоптук Github Desktop тиркемесин жүктөп алыңыз (сиз commit жана push принциптерин үйрөнүп, деволоперлер кастасына кошулууңузга туура келет).

Тиркеме акысыз.

 

Carto

Татаалдыгы: орто

Колдонуу максаты: анализ жана визуалдаштыруу

Маалыматтардын негизинде карта түзүүчү күчтүү тиркеме. Ар түрдүү маалыматтар, лейбелинг менен интеграция болот. Ошондой эле кастомизацияланган карталарды жана чектерди кошууга болот.

Веб-сервис акылуу. Акысыз альтернативасы: QGIS.

Tableau Public

Татаалдыгы: орто

Колдонуу максаты: анализ жана визуалдаштыруу

Визуалдаштыруусу татаал болгон маалыматтар менен иштөөчү программа. Маалыматтарды визуалдаштырууда Python и R программалоо тилине альтернатива жана колдонууда татаал инструмент. Сервистин графикалык интерфейси Tableau менен иштөөнү жеңилдетет, бирок аны сизге анык эмес графикалар керек болгондо иштетүү абзел.

Программа жеке колдонуучулар үчүн акысыз.

Python

Татаалдыгы: жогору

Колдонуу максаты: анализ, маалыматты издөө, тазалоо, визуализация

Маалыматты анализдөө үчүн программалоо тилдеренин негизгиси. Артыкчылыгы – жөнөкөй синтакс, китепканалардын көптүгү, ири копманияларды колдоо (мисалы, TensorFlow китепканасы Google`да жасалган)  жана колдонуучулардын ортосундагы байланыш. Ири көлөмдүү маалымат менен иштөөгө, нейрондук тармактарды үйрөнүүгө жана татаал визуалдаштырууга керектүү инструмент.

Оpen source жана программалоо тили колдонууда акысыз.Кодду болсо акысыз  PyCharmда жазууга болот.

R

Татаалдыгы: жогору

Колдонуу максаты: анализ, маалыматты издөө, тазалоо, визуализация

Python программалоо тилине окшош, дата-аналитиктер колдонушат. Статистикалык моделдер жана визуалдаштыруу үчүн адистештирилген тил.

Оpen source  жана  программалоо тилин колдонуу үчүн акысыз. Кодду акысыз жазса болот-  RStudio.

SQL

Татаалдыгы: жогору

Колдонуу максаты: тазалоо, маалыматты издөө

Маалыматтар базасына арналган программалоо тили. Маалымат базасын чыгарып алуу керек болсо же өз массивиңизди системдештирүү зарыл болсо ушул аспапты колдонунуз.  SQL менен иштөө үчүн сизге көптүк теориясы боюнча базалык билим керек.

Open source жана колдонууга акысыз. Маалыматтар базасын  MySQL аркылуу башкара аласыз.