Школа данных

Хакатон #HackPoverty

10 команда, 50 катышуучу, 48 саат, 14 ментор = дата журналистика боюнча хакатон #HackPoverty/”Жакырчылыкты сындыр”.

Дем алыш күндөрү биздин катышуучулар Улуттук статистикалык комитеттин, Дүйнөлүк банктын, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жана БУУнун азык-түлүк программасынын  Кыргызстандагы жакырчылыктын ар кайсы өңүтү – таза суунун, түшүмдүн жеткиликтүүлүгүнөн тарта мигранттардын жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укугуна чейин абдан көп маалыматтарды – таблица, сандарын изилдеп чыгышы керек эле.

Жыйынтыгында биз жакырчылыкты жеңүү боюнча ар түрдүү он окуяга күбө болдук. Мисалы, Баткендеги орточо статистикалык кыздын жашоосу тууралуу анимациялык ролик же “чексиз мүмкүнчүлүкүктүү адамдар” тууралуу интерактивдүү лонгрид. Анан да биз алмашкыс тажрыйба топтоп, пайдалуу таанышууларга жетиштик. Хакатон күтүүсүз командаларды түптөп, ар кандай бэкграундагы адамдарды достоштуруп, Кыргызстандагы жана кошуна өлкөлөрдөгү дата журналистика жамаатын өнүктүрүүгө пайдубал салды.

Хакатон алкагында жарык көргөн бир нече материалдар төмөндө:
Статистиканын жардамында төрөлгөн Айдайдын жашоосу, Kaktakto
Күнүнө 3 сом баланын жашоосун өзгөртө алат,  24.kg
Суу жок болсо – өлүм, Кактус
Миграция жакырчылыктан куткарбайт, Govori.tv

Иш чараны “Кыргызстандын дата мектеби” менен Борбор Азиядагы Америка университети тарабынан Демократия, медиа жана маданий алмашуу институту (Германия), КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги, Дүйнөлүк банк, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жана башка өнөктөштөрдүн колдоосунда уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *