Школа данных

DataCamp жаштар лагери

DataCamp –  дата дүйнөсүнө эми арлашкандар үчүн жаштар лагери.

Лагерь 2018-жылдын августунда Ысык-Көлдө өттү. Ага Кыргызстан менен Казакстандан журналситтер, программисттер жана дизайнерлер катышты. Катышуучулар бир аптада окуя жаратуу үчүн гипотезаны иштеп чыкканды, вебсайттардан маалымат чогултууну, аларды тазалоону жана анализдөөнү, тренддерди жана көз карандылыкты тапканды үйрөнүштү. Ошондой маалыматты эле жөн эле кооз кылып эмес, маани-маңыздуу визуалдаштырууну өздөштүрүштү.

Жаштар ошол жерде түзүлгөн командаларда иштешти. Иштеп гана тим болбой, достошууга да жетишишти. Эң кубантканы,  биз DataCamp`те пикирдештердин командасын түзүп, биздин жамааатын чектерин кеңейттик.

Шилтемелер аркылуу лагерь жыйынтыгы менен тааныа аласыз

Окуялуу туризм Ысык-Көл облусуна кантип таасир этери Дүйнөлүк көчмөндөн оюндарынын мисалында,  Kaktus
“Z мууну” жана алар тууралуу билүү сизге эмнеге керек?  Ne Upusti.net
Чиновниктердин иш сапараларына 1 млрд сомдон ашык акча сарпташкан, Kaktus

Ушунун баары “Сорос-Кыргызстан” фондунун жана Kloop Media`нын жардамында ишке ашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *