Курс Data Communication: Дата тууралуу жазабыз

Course Content

Total learning: 17 lessons Time: 10 weeks

Киришүү: дата маалыматтар тууралуу сүйлөшөбүз

Дата маалымат тууралуу кантип жазабыз?

Бул сабактан окуяны баяндоодо кандай дата маалыматтарды кантип колдонуу керек экенин билесиз. Ошондой эле мындай материалдардын артыкчылыгына, аларды кантип жазуу керек экенине токтолобуз.

– Келгиле, бүгүн күнүмдүк турмушубуздагы маалыматтар тууралуу сүйлөшүп көрөлү. Биз кандай дата маалыматтардан турабыз?

– Аты-жөнүбүз, жашыбыз, жынысыбыз, улутубуз, экономикалык абалыбыз.

– Дагы биз өзүбүз байкабай күн сайын жараткан маалыматтар бар: ары-бери каттайбыз, күн сайын акча, убакыт, энергия коротобуз, тамак жейбиз, уктайбыз. Күтөбүз, мисалы, коомдук унааны.

– Өлкөдөгү ар бир адам тигил же бул унааны канча убакыт күткөнү тууралуу биздин колубузда маалымат бар дейли. Ушунун негизинде кандай кызыктуу окуяны айтып берүүгө болот?

– Адам бир жылда транспорт каражатын канча убакыт күтөрүн эсептеп чыкса болот.

Өтө көп убакыт күтүүгө кетсе, анда коомдук унаалардын санын көбөйтүү керектигин айта алабыз.

Же ошол маалыматтын негизинде, мисалы, тигил же бул маршрут саат канчада келерин көрсөтүп турган мобилдик тиркеме иштеп чыгууга болот.

Жалпы кыргызстандыктардын унаа күткөн убактысын эсептеп чыгып, башка көрсөткүч, мисалы, бир адамдын жашоо узактыгы менен салыштырууга мүмкүн.


– Демек, ушунун баарын жазууга журналист же окуяны айтып берүүчү катары бизге жакшы дата маалыматтар керек.

Келгиле, бир көйгөйдүн мисалында дата-баяндар кантип жасаларын карап көрөлү. Жараян кандай болот?

– Бүтүрүүчүлөрдү алалы. Бардык бүтүрүүчүлөр университетке тапшырышат, ал жакта төрт жыл окушат. А бирок азыр ар кандай курстар бар, ошол билимди ал жакта жарым жыл же бир жылда алууга болот.

– Биз окуяны жазардан мурда көйгөйдү, анын ыктымалдуу себептерин аныктап алышыбыз керек. Демек, көйгөй эмнеде?

– Көпчүлүк бири-бирин көрүп эле тапшыра берет, мисалы, юридикалык окуу жайга. Же ата-энесинин тандоосу таасир этет. Адатта Кыргызстанда ата-энеси дарыгер болсо, демек, алардын уулу же кызы да медик болушу керек деген түшүнүк кеңири жайылган.

Бизде окуучулардын көбү юридика, экономика, медицина жаатындагы адистиктерге көп ыктайт. Бирок кийин алар кесиби боюнча эмес, мисалы, базарда иштеп калышат. Анткени юристтер, экономисттер өтө көп. А рынокко, алсак, маркетологдор же дагы башка анча популярдуу эмес кесип ээлери керек.

– Келгиле, көйгөйдү аныктаганга аракет кылалы – билим берүү системасы кийин жумуш таба албаган адистерди даярдайт, башкача айтканда, жогорку билим берүү системасы эффективдүү эмес.  Ушул гипотезабызды далилдеш үчүн бизге кандай дата маалыматтар, сандар керек?

– Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын саны, алар кайсы адистерди даярдайт? Ар бир адистикте канчадан студент окуйт?  Анан салыштырып көрсө болот, мисалы, юридикалык факультетке тапшыргандар азайып же көбөйүүдөбү?

Адамдардан сурамжылоо жүргүзсө болот – сиз кайсы адистикти бүтүргөнсүз, азыр кайсы тармакта иштейсиз?

– А кайсы кесиптерге суроо-талап бар экенин кайдан билсек болот?

– Мамлекетте кандай адистер керектиги тууралуу тизме болот. А бизнес чөйрөсүнүкү бир аз кыйын, балким, эмгек биржаларынан караса болот.

– Биз кулактандырууларда кандай вакансиялар бар экенин карасак болот  – кайсылар популярдуу, а кайсы кесиптерге суроо-талап анчейин эмес. Анан кайсы факультеттердин бүтүрүүчүлөрү көп экенин карасак болот.

– Сиздер көйгөй бар экенин түшүндүңүздөр. Эми кийинки этапта бул көйгөй кимге көбүрөөк таасир этерин табуу керек.  Абдан көп санда даярдалып, бирок абдан аз санда жумушка орношкондор кайсы кесиптин ээлери? Же тескерисинче, муктаждык өтө күч, бирок өлкөдө андай адистер али даярдала элек кесиптер?  Ушул жагдайда ким көбүрөөк жабыркап жатат?

– Керектүү адистерди даярдоо жакшы жол коюлбаган үчүн биздин өлкөнүн өнүгүшү артка кетет.

Мисалы, жаңы кесиптерге суроо-талап күч. Графикалык дизайнерлерди дээрлик ар бир компания издейт. А андай адистерди даярдаган бизде факультеттер жок. Окуу жайда ал боюнча сабактар болушу мүмкүн, бирок ал жетиштүү эмес. Биздеги дизайнерлердин көбү кесипти өз алдынча же ошол эле курстардан үйрөнүп жатышат. А графикалык дизайнерлерге талап күч жана маянасы да өтө жогору.

– Кайсы кесиптерге суроо-талап күч, бирок ЖОЖдордо алар даярдалбайт экенин аныктагандан кийин биздин кийинки кадам кандай болушу мүмкүн? Алгач эмне себептен мындай болуп жатканын издилесек болот. Бул жерде бизге башка маалыматтар же сурамжылоо керек болушу мүмкүн. Бул кесиптер эмгек рыногунда качантан бери бар? Университеттер ал адистиктерди качан киргизгени жатат? Негизи эле ЖОЖдор кандай критерийлер менен жаңы адистиктерди киргизишет? Айтайын дегеним, алар дата маалыматтардын, анализдин  негизинде адистиктерди тандаса, анда алар эмгек рыногундагы суроо-талапка бат-баттан реакция кыла алмак.

– Дата маалыматтар аркылуу мамлекетти ушул көйгөйдү чечүүгө түртсөк болот.

Башкача айтканда, биз дата-журналист катары эмне үчүн деген суроого жооп издеп жатып ошол маселени чечүү үчүн кандай чаралар керек экенин сунушташыбыз мүмкүн. Ошентип, биз гипотезадан көйгөйдү чечүүгө өттүк. Биз аны дата маалыттар менен далилдедик, керектүү маалыматтарды таптык, себебин изилдедик жана чечүү жолун сунуштадык. Бул датага негизделген окуялар кантип жазыларын көрсөтүп берди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *