Курс Data Communication: Дата тууралуу жазабыз

Course Content

Total learning: 17 lessons Time: 10 weeks

Альтернативдүү маалымат булактары

Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабакта сиз дата маалыматтардын башка булактары тууралуу биле аласыз. Алар, мисалы, бейөкмөт уюмдар, краудсорсинг, журналисттердин жардамында чогултулушу мүмкүн.

Расмий маалымат булактары жеткиликсиз болуп калганда, көп учурда уюмдар краудсорсинг ыкмасы менен, жарандардын же даярдалган ыктыярчылар топторунун жардамында маалыматты чогулта алышат. Башка альтернативдүү маалымат булактары – бөйөкмөт уюмдардын маалымат базалары, сенсорлор, жарандардын билдирүүлөрү, ММКлардагы материалдар же жарыяланып кеткен маалыматтар.

Краудсорсинг ыкмасы аркылуу чогулган дата маалыматтар

Ushahidi — краудсорсинг ыкмасы аркылуу маалымат чогултуучу платформалардын ичинен эң белгилүүсү. Аны табигый кырсыктар, саясий каатчылыктар же дагы башка окуяларды картага түшүрүү үчүн колдонушат. Мында маалымат чогултуу жана анын онлайн режимде көрүнүп турганы маанилүү. Система колдонуучулардын окуялар тууралуу билдирүү (зордук-зомбулук, шайлоолордогу жасалмалоо, полиция тарабынан куугунтуктоо ж.б.) жөнөтүшүнө мүмкүндүк берет. Маалыматар текшерүү үчүн борборлоштурулган системага жөнөтүлөт, андан кийин маалыматтар базасы жаңыланат жана билдирүү картадагы анык бир жайга байланат.

Бул презентациядан “Жардам картасы” долбоорун жаратууга Ушахиди платформасы кантип колдонулганын билип алыңыз.

Долбоордун максаты – өрт кырсыктарын мониторинг кылуу эмес, ыктыярчылар жана муктаждар тууралуу маалымат базасынын негизинде жардам берүүнү жөндөө болгон.

 

Жарандык журналистиканын маалыматтары

Көп учурда массалык маалымат каражаттары күбөлөрдүн айткандарын колдонушат, ошондой эле адамдарды смс-билдирүү, видео жана сүрөт жиберүүгө чакырышат. Бул жарандык журналистика деп аталып жүрөт.

Бул мисалда Азаттык радиосу фейсбуктагы колдонуучулардын #менайтканданкоркпойм  деген тэги менен чыккан билдирүүлөрүн – кыздар жана аялдар башынан өткөн сексуалдык зордук-зомбулукту ачыктаган баяндарын чогулткан. Эрежеге ылайык, колдонуучулардын билдирүүлөрүнүн чын-төгүнүн ММКлар текшериши керек, кантсе да жалган маалыматты жарыялап албайм деген кепилдик эч кимде жок.

Маалыматтар жана дрондор

Нааразылык акцияларындагы адамдардын санын, таштанды талаасынын көлөмүн, бак-дарактардын канчалык кыйылганын баалоо үчүн ММКлар көп учурда пилотсуз учуучу жабдыктарды колдонушат. Мисалы, Wall Street Journal басылмасы Гонконгдогу нааразылык  митингинин масштабын көрсөтүү үчүн дрон менен тартылган видеону жарыялаган.

 

 

Дронду колдонуу боюнча дагы бир башка мисал – аэросъемканын жардамы менен  активисттер Киевдин жашыл аймактарындагы оң келди орун алган таштанды талааларынын масштабын карашкан. Мындай технологиянын жеткиликтүү экенине карабай, жеке жашоону коргоо боюнча мыйзамдарды; дрондор адамдарды аңдып жаткандай же аны мамлекеттик органдар атайылап учурган дегендей ой калтырышы мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек.

 

Маалыматтар жана сенсорлор

Сенсорлордун жардамында чогултулган маалыматтар адатта экологиялык көйгөйлөр тууралуу репортаждар үчүн колдонулат. Мисалы, ММК анча кымбат эмес, чакан датчиктерди ыктыярчыларга таратып, аны кантип колдонуу керектигин көрсөтүп беришет. Алардын жардамында абанын сапаты, суунун температурасы же сейсмикалык активдүүлүк тууралуу маалыматтар чогултулат.

Аba.kg Move Green`дин Бишкектеги абанын булганышы боюнча маалымат топтоого арналган эксперименталдык долбоорун карап көрүңүз. Авторлор шаар борборунда датчиктерди орнотушкан, ар бир бишкектик баш калаанын үч жеринен абанын булгануу деңгээли боюнча маалыматты жана анын ден соолук үчүн кесепеттерин азайтуу тууралуу кеп-кеңештерди онлайн ала алган.

ММКлардагы маалыматтарды анализдөө

Тема боюнча расмий маалыматтар дээрлик жок болсо, ММКларда буга чейин жарыяланган маалыматтарды чогултуу баалуу булак боло алат. Мындай стратегияны аялдарга карата зомбулук, полиция менен кагылышта каза болгондор жана Кытайдын Африкага көрсөткөн жардамы тууралуу маалыматтарды чогултууда колдонушкан.

Мисалы, “Мигранттардын Файлы” долбоору Европага баратып каза болгон мигранттар тууралуу жаңылыктардын баарын чогулткан. Маалымат ММК жана башка жеткиликтүү болгон булактардан, мисалы, мамлекеттик эмес уюмдардан жыйналган. Жыйынтыгында бул билдирүүлөр мигранттардын өлүмү боюнча жагдайды толугураак көрсөтө алды.

Тобокелдиктер

Альтернативдүү маалымат булактарын колдонуудагы негизги көйгөй – алардын толуктугу жана ишенимдүүлүгү. Мисалы, мамлекеттик кызматтарга элдин канааттанбай турганы боюнча маалыматты краудсорсинг жолу менен чогултканда, сизди кызыктырган адамдардын көбү коммуникациянын жоктугунан сизге көйгөй тууралуу айтып бере албай калышы мүмкүн.

Краудсорсинг аркылуу чогултулган маалыматтардагы дагы башка көйгөйлөр:

  • Тандоонун жаңылышытыгы: маалыматты убактысы, ресурсу жана мотивациясы бар гана адамдар берет.
  • Маалыматтын чын-бышыгын текшерүү: адамдар системаны жалган билдирүүлөргө толтурушу мүмкүн, булардын кайсынысы чындыкка коошорун текшерүү өтө кыйын.
  • Контекст: мындай маалыматтардан биз адамдар айткан нерсени гана билебиз, башкача айтканда, ошол дата маалыматтарды түшүнүдүрүп берүүгө керек болгон контекст жоголуп кетет.
  • Сырды сактоо: кээде долбоор катышуучуларынын жеке маалыматтары баарына жеткиликтүү болуп калат, демек, ар бири тобокелдикке кабылат.

“Зомбулук картасы” деп аталган белорусиялыктардын долбоорун көрүңүз.  Максаты – үй-бүлөлүк зомбулук  учурлары боюнча маалымат чогултуу. Мындай маалыматты бардык эле курмандыктар бөлүшпөй турганын түшүнүү керек, демек, чогултулган маалыматтар менен абалга баа берүүгө болбойт.

Ушундай көйгөйлөр маалымат чогултуунун бардык ыкмаларында кездешет. Бирок бул мындай дата менен иштөөгө болбойт дегендикке жатпайт! Кандай гана болбосун идеалдуу дата маалымат болбойт. Тобокелдикти баалап жана маалыматты анализдөөдө анын чектелүү экенин эске алуу маанилүү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *