Data Communication курсу:
дата тууралуу жазабыз

Бардык беш модулду бүтүргөн соң, сиз окуя үчүн дата маалыматтарды өз алдынча таап
"Дата тууралуу жазабыз" курсу сизди датага негизделген окуяларды жазууга нөлдөн баштап үйрөтөт. Сизге журналистика же дата менен иштөө кызык болсо, анда бул курста бул эки багыт айкалышат. Бардык беш модулду бүтүргөн соң, сиз окуя үчүн дата маалыматтарды өз алдынча таап, аны машина окуй алчу форматка алып келе аласыз, аны анализдеп жана мунун негизинде кандай окуяны айтып берүүгө мүмкүн экенин түшүнөсүз. Журналист, пиарчы же студент – кыскасы ким болбоңуз, датадан окуя таап, аны өз окурмандарыңызга айтып берүү үчүн бул ыкмаларды колдоно аласыз.

1-модуль: «Датаны аныктоо»

Бул курстан сиз дата деген эмне экенин жана аларды текст жаратууда кантип колдонсо болорун билесиз. Сиздин материал үчүн кандай дата маалымат керектигин аныктаганды үйрөнөсүз. Дата жана ачык маалыматтар, алар кимге таандык экени тууралуу сүйлөшөбүз. Дата маалыматтар текстте кантип колдонуларын мисалдар менен карап чыгабыз жана жакшы дата-материал жаратуу жолдорун талкуулайбыз.

2-модуль: «Дата маалыматты табуу»

Бул курстан сиз дата маалыматтар кандай форматта сакталышын, кайсы формат дата менен иштөөгө ыңгайлуу экенин жана аларды кайдан издесе болорун билесиз. Маалыматтардын расмий жана бейрасмий булактарына токтолобуз , аларга канчалык ишенсе болорун талкуулайбыз.

3-модуль: «Маалыматты алуу»

Бул курстан сиз дата маалыматты издеп табууну үйрөнөсүз. Маалыматты онлайн издөө стратегиясын карайбыз, пдф жана вебсайттардан маалыматты чыгарып алууну (скрейпиг кылганды) жана аларды эксель таблицаларына айлантууну үйрөнөбүз. Сизге керек болгон датаны алуу үчүн маалыматка жетүү мыйзамын кантип колдонуш керектигине токтолобуз.

4-модуль: «Маалыматты текшерүү»

Бул курста сиз маалыматты текшерүүнү, аны менен иштөөдө жумуш жараянын уюштурууну жана маалыматты анализге даярдоону үйрөнөсүз.

5-модуль: «Дата маалыматты анализдөө»

Бул курста дата маалыматтардан окуя табуу үчүн аны анализдөөнү үйрөнөсүз. Фильтр кантип иштейт, фильтирлеп жана иргеп эмнени тапса болот? Сизге Excel`де маалыматты анализдөөнүн негизги формулаларын көрсөтүп беребиз жана жаңы бир маанини табуу үчүн абсолюттук көрсөткүчтү салыштырма түрүнө качан айлантуу керетиги тууралуу сүйлөшөбүз.


Содержание курса
Всего 16 занятий Время: 10 недель
School of Data 2021 © All rights reserved
Бишкек, мкр. Асанбай, 27/1
@schoolofdatakg
schoolofdatakg@gmail.com
+996 500 605 406